Астана: Беш кыздын өмүрүн кыйган өрттүн себеби аныкталды

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети Астанадагы беш кыздын өмүрүн кыйган өрттүн себебин аныктады. Мекеменин өкүлү Жасулан Актаев: "Үйдүн шыбы мордон чыккан ысыктан тосулган эмес. Мешти жакканда, мор ысып өрт чыккан. Үйдүн чатыры күйүп, анан кулап түшкөн», — деп билдирди.

4-февралга караган түнү Астананын кичи райондорунун биринде жеке менчик үйдөн чыккан өрттөн бир үй-бүлөнүн беш кызы каза болгон. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өрт учурунда кыздардын ата-энеси иште болгонун маалымдашкан.

Бул окуядан кийин Астанадагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө ис чыкканы тууралуу кабар берип турчу жабдуулар орнотула баштаганы белгилүү болду.

Секелектердин өмүрүн алган кырсыктан кийин Казакстандагы көп балалуу энелердин укуктарын коргогон, аларга мамлекеттен көбүрөөк жардам бөлүүнү талап кылган акциялар өтүп жатат.

Беш наристенин өмүрүн алган өрт
please wait
Embed share
Беш наристенин өмүрүн алган өрт
Embed share
The code has been copied to your clipboard.


The URL has been copied to your clipboard

No media source currently available

0:00 0:14:33 0:00
Түз линк
  • 270p | 41,6MB
  • 360p | 65,5MB
  • 720p | 144,7MB
  • 1080p | 312,9MB


Источник: “https://www.azattyk.org/a/29763817.html”


Сайт продается

Цена: 550$

Обращатся : [email protected]

Топовые новости